Семьяны бекемдөө. Кыргызстанда «Манас код» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты

Евгения Комарова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстанда «Манас код» аттуу мобилдик тиркеме түзүлгөн. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова бул тууралуу Жогорку Кенештин илим, билим берүү, маалыматтык технологиялар, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын пикири боюнча, акыркы жылдарда үй-бүлөлөрдөгү ата-энелер менен балдардын ортосундагы байланыштар улам алсырап бара жатат.

«Бул өспүрүмдөрдүн тарбиясына терс таасир этет. Ошондуктан биз улуттук салттарга жана тарбиялык ыкмаларга негизделген оюндар аркылуу балдар менен ата-энелердин өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк берген «Манас код» тиркемесин иштеп чыктык», — деди ал.

Надира Жусупбекова бул тиркеменин үй-бүлөлөрдү жакындаштырууга жардам берет деген үмүтүн билдирди. Азыркы учурда ал билим берүү системасына активдүү киргизилүүдө.

Мындан тышкары, ал балдарды тарбиялоодо комплексдүү мамиленин маанилүүлүгүн белгиледи.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: