
Курулуш министрлиги Болот Апиловду Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалганын тастыктады.
Дайындама буйругун курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык кызмат министрлиги Нурдан Орунтаев кол койду.
Бул кызматты мурда Асхат Медетбек уулу ээлеп турган.
Жаңы дайындалганга чейин Болот Апилов Бишкек шаардык мэриясында капиталдык курулуш башкармалыгынын орун басары болуп иштеген, бирок 2025-жылдын жайында жумуштан бошотулган.