
Акыркы жылдарда Кыргызстанда алдамчылык учурларынын көбөйгөнү байкалууда, деп билдирет Ички иштер министрлиги.
Алдамчылар жарандардын акчасын мыйзамсыз жол менен алуу үчүн ар кандай технологияларды жана психологиялык манипуляцияларды колдонушат.
Телефон чалуу, мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу алдамчылык схемалары эң кеңири таралган. Жаман ниеттүүлөр көбүнчө банктардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлерлери же жакындары катары өздөрүн тааныштырууда, акча которууну же конфиденциалдуу маалыматтарды ар кандай шылтоолор менен талап кылышат.
Маалыматта белгиленгендей, алдамчылар көбүнчө банктын карталарынын маалыматтарын, SMS аркылуу келген бир жолку коддорду, интернет-банкингге кирүү мүмкүнчүлүгүн же жеке маалыматтарды алууга аракет кылышат, жарандарды шектүү шилтемелерге өтүүгө мажбурлашат.
Ички иштер министрлиги банктар жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери телефон аркылуу эч качан мындай маалыматтарды, мисалы, растау коддорун, паролдорду же карталардын толук реквизиттерин сурабай турганын белгиледи.
Ошондой эле жарандарды мыйзамсыз иш-аракеттерге тартуу учурлары катталууда, банктын карталарын убактылуу пайдалануу үчүн «сыйлык» убада кылып (ошол «дропперство» деп аталат). Өзүнүн реквизиттерин үчүнчү жактарга берүү мыйзам бузууларга алып келет жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Ички иштер министрлиги жарандарды этият болууга, шектүү чалууларга жана билдирүүлөргө ишенбөөгө, жеке маалыматтарды берүүдөн качууга жана мындай окуялар жөнүндө дароо укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.