
Алгач делегация Saudi German Hospital – Makkah ооруканасынын кызматкерлерімен жолугушту, анда зыяратчылар үчүн медициналык кызмат көрсөтүү, анын ичинде алдын ала текшерүүлөр жана зарыл медициналык документтерди даярдоо тартиби талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы кызматташтык боюнча макулдашууларга жетишилди.
ДУМКнын сүрөтү
Андан кийин кыргызстандык делегация зыяратчыларды ташуу үчүн жооптуу Rawaf транспорт компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Меккеде кыргызстандыктарды ташуу жана шаарлар арасында транспорттоо маселелери, анын ичинде Аль-Харам мечитине чейин маршруттар, ошондой эле жүрүү графиктери жана коопсуздук чаралары талкууланды.