


Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, рейддердин биринде мыйзамга ылайык каттоодон өтпөгөн курулуш объекттери аныкталган.
Мындай объекттердин арасында:
- Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү 4-үй;
- Гвардейская көчөсүндөгү 13, 13а, 15-объекттери;
- Горький көчөсүндөгү 72, 72а, 42-үйлөр;
- Юнусалиев көчөсүндөгү 10-объект.
«Курулушчулар жазуу жүзүндө билдирүүлөрдү жана шаар куруу документациясын даярдоо жана объекттерин каттоо боюнча милдеттүү көрсөтмөлөрдү алышты. Курулуш башталгандан мурун курулушчулар архитектуралык уруксат документтерин алышы жана объекттерин тиешелүү реестрге каттоосу керектигин унутпашы керек», – деп билдиришти Министрликтен.