Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча, айрым популярдуу интернет-платформалар унаа, акча жана техника үчүн лотереяларды сунуштап, катышуучулардан товар же кызмат сатып алууну талап кылышат. Мындай практика лотерея катары эсептелет, ал үчүн мамлекеттик лицензия алуу талап кылынат, бирок бул уюштуруучүлөрдүн лицензиясы жок, деп белгилейт Госфиннадзор.
Instagramдагы мыйзамсыз лотереялар менен алектенген аккаунттардын тизмеси:
- wm_home_wear;
- thebull.kg;
- tectop.kg;
- aliya_furs;
- yesfit.studio;
- stayfit.kg;
- guli_koreakg;
- asiagold.kg;
- change_fitness_bishkek;
- normpati.kg;
- spine.center.bishkek;
- itline.kg;
- venom_computers;
- wework_360;
- putevka.kg;
- aisha__jewerly;
- mfit__studio.
Госфиннадзор белгилегендей, аталган беттер лотереялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксатка ээ эмес жана алардын аракеттери мыйзамсыз оюндар катары бааланышы мүмкүн.
Ошондой эле ведомство мыйзамсыз лотереяларды көрсөтүүчү белгилерди тизмектеди:
- керектүү лицензиянын жоктугу;
- катышуу үчүн акча которууну же товар сатып алууну талап кылуу;
- расмий эрежелердин жана мөөнөттөрдүн жоктугу;
- укуктук негиздерсиз ири утуштарды убада кылуу.
Госфиннадзордун адистери шектүү акцияларды уюштуруучулар менен жеке маалыматтарды бөлүшпөөнү жана лотереяларды расмий реестрлерде текшерүүнү сунушташат.