
Бишкекте Кыргыз фондулук биржасынын жана «БУУ-аялдар» программасынын өнөктөштүгү менен «Гендердик теңдик үчүн коңгуроо кагуу» (Ring the Bell for Gender Equality) аттуу алтынчы жылдык азем өтүп жатат.
Иш-чара «Укуктар. Адилеттүүлүк. Аркет. Бардык аялдар жана кыздар үчүн» деген девиз менен өтүп, мамлекеттик сектордун, сот системасынын, финансылык чөйрөнүн жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн чогултат.
Иш-чаранын негизги максаты — аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгына коомчулуктун көңүлүн буруу.