
Шаардык сот мурдагы өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра караууга жөнөттү
Бүгүн Бишкек шаардык соту Токмактын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге байланыштуу Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, кылмыш ишин кайра караууга жөнөттү.
Бул чечимден кийин Максат Нусувалиев жана иштин башка катышуучулары камактан бошотулуп, азыр үй камагында.
Маалымат үчүн, мурда Октябрь райондук соту Нусувалиевди коррупцияда күнөөлүү деп тапкан жана ага 13 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасын берген.
Кызыктуу жагдай, Нусувалиев 2023-жылдын майында Токмак мэри болуп дайындалганга чейин Бишкек мэриясында транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин жетекчиси болуп иштеген.
сүрөт www