12-мартта «Манас Ордо» комплексинде президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана КРнын курулуш, архитектура жана ЖКК министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу катышкан техникалык жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө курулуштун учурдагы этаптары, аныкталган кемчиликтер жана иштердин сапатын жогорулатуу жана ылдамдатуу боюнча иш-чаралар талкууланды.




