Полиция жарандарды тартипти сактоого, бири-бирине урмат көрсөтүүгө жана укук коргоочулардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.
Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет, жана быйыл Айт намазы мечиттердин аймагында гана өтөт.
Айт намазынын расписаниеси:
- 7.30 – 8.00 — диний баяндар;
- 8.00 – 8.25 — имам-хатибдерден жана мамлекеттик кызматкерлерден куттуктоолор;
- 8.25 – 8.30 — Айт намазын өткөрүү эрежелери жөнүндө түшүндүрмө;
- 8.30 – 8.50 — майрамдык намаз.