
Орозо айт майрамы учурунда, 20-мартта, милиция өлкөдө коопсуздукту камсыздоо үчүн 10 миңден ашык кызматкерди тартат. Алар күчөтүлгөн режимде иштешет.
Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугуна жана укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл буруларын белгилейт. Айт намазы республика боюнча мечиттердин аймагында гана өткөрүлөт.
Милиция кызматкерлери жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат көрсөтүүгө жана укук коргоочулардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырышат.
ДУМК тарабынан берилген маалыматка ылайык, Айт намазынын программасы 07:30да сөз сүйлөө менен башталып, андан кийин куттуктоолор, эрежелерди түшүндүрүү жана майрамдык намаз өткөрүлөт.