
Быйыл Нарын шаарында Нооруз майрамынын урматына республикалык деңгээлде «Эң жакшы сумолок» аттуу уникалдуу конкурс өтөт.
Иш-чара «Кыргыз биримдик» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган. Конкурска Нарын облусунун бардык райондорунан командалар катышат, алар бир эле учурда 40 казан сумолок бышырат.
«Бул демилге Тенир-Тоо аймагында катаал климаттык шарттарда жашаган жарандардын өнүгүүсүнө, гүлдөп-өсүүсүнө жана тынчтыкка жардам берүүгө багытталган. Жеңүүчүгө 100 миң сом, экинчи орунга 50 миң сом, үчүнчү орунга 30 миң сом сыйлык каралган», - деди «Кыргыз биримдик» коомдук бирикмесинин төрайымы Дана Абдыбекова.
Ал ошондой эле катышуучулардын эмгеги бааланарын, ар бир команда 10 дан 15 миң сомго чейин сыйлыктар аларын кошумчалады.
Сумолок бышыруу 20-мартта Нарын шаарындагы «Тянь-Шань» паркында башталат. Бул салттуу иш-чара маданий программа жана ар кандай майрамдык иш-чаралар менен коштолуп өтөт.