

Жолугушууда долбоорго катышкан жер тилкелери боюнча статусу талкууланды. Жалпысынан 64 объект жол куруу үчүн пайдаланылат. Калган тилкелер боюнча укуктук документтерди даярдоо иши уланууда. Жолугушууга катышуучулар 24-мартта мэрияда жер тилкелери ээлерине компенсация жана төлөмдөр боюнча маселелерди талкуулоо үчүн кайрадан жыйын өткөрүүнүн зарылдыгына макул болушту, деп билдиришти басма сөз кызматы.
Транспорт департаменти жана башка жооптуу кызматтар курулуш иштеринин жүрүшүндө автоунаа айдоочулары үчүн альтернативдүү маршруттарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча көрсөтмө алышты.
Ошондой эле Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына курулушка тоскоол болушу мүмкүн болгон объектилерди демонтаждоо иштерин тездетүү тапшырылды.
Курулуш иштеринин 2026-жылдын апрелинде башталышы күтүлүүдө.
Бул долбоор шаардагы транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө жана бул аймактагы транспорттук агымдарга жүктөмдү азайтууга багытталган.