
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы тарифтер 2026-жылдын 10-мартында №42 номери менен катталган Жылуулук-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин буйругу менен бекитилген.
Бишкек мэриясынын сүрөтү
«2026-жылдын 1-мартынан баштап жаңы ысык суу тарифтери күчүнө кирет, ал салыкты камтыбайт. Ошол эле учурда жылуулук тарифтери мурдагыдай болот. Бул тариф ысык суу менен камсыздоо үчүн эсептөөлөрдө көрсөтүлгөн мөөнөттөн баштап колдонулат. Коммуналдык чыгымдарыңызды пландаштырууда бул өзгөрүүнү эске алууну сунуштайбыз», — деп айтылат расмий билдирүүдө.