Окуя 7-январда орун алган, ошол күнү Ысык-Ата районунун ОВДсүнө Б. К. аттуу жаран телефон чалып, бычак менен оор жаракат алганын билдирген. Жаракат алган адам дароо М. М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборго жеткирилген.
Окуя болгон жерге тергөө-оперативдик топ жөнөтүлүп, Б. К. 02:15 чамасында тууганы М. А. менен сөзгө келишип, ал аны ашкана бычагы менен урганын, натыйжада мойнуна, жамбашына, көкүрөгүнө жана ичине бир нече кесилген жана сайылган жаракат алганын айтып берген.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 37 жана 122-беренелери боюнча кылмыш иши козголду, бул беренелер киши өлтүрүүгө аракет кылуу менен байланыштуу.
Тергөө шектүү менен жабырлануучу арасында душмандык мамиле болгонун аныктады. Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында 20 жаштагы М. А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бардык зарыл экспертизалар дайындалды, тергөө уланууда.