
«Кызмат» мамлекеттик мекемесине жарандан арыз келип түштү
Кыргызстанда биринчи жолу расмий документтерде жыныс боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кайрылуу катталды. «Кызмат» мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев бул тууралуу билдирди.
Анын айтымында, өткөн жумада мекемеге жыныс боюнча документтеринде маалыматты өзгөртүүнү сураган эркек кайрылган. Учурда материалдар каралып жатат.
Досалиев белгилегендей, өлкөнүн учурдагы мыйзамдары медициналык маалымкат негизинде мындай өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берет.
Бул маалымат Жогорку Кеңештин илим, билим, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Сүрөт www