
Президент тиешелүү жарлыкка кол койду
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мурда берилген, мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу максатында убактылуу кампанияны баштоону сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Кампания 15-январда башталып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечим кабыл алынганга чейин уланат.
Бул программа алкагында жарандар эски күбөлүктөрүн жаңы, белгиленген стандарттарга жооп берген күбөлүктөргө алмаштыра алышат.
Администрацияда билдиришкендей, көпчүлүк жарандар үчүн медициналык маалымкат (форма 083) талап кылынбайт, биринчи жолу айдоочулук күбөлүк алгандардан тышкары.
Документтерди алмаштыруу процесси Президенттин иш башкармалыгынын карамагындагы Жарандык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору тарабынан жүргүзүлөт. Жаңы күбөлүктөрдү берүү жана каттоо борбордун өз каражаттары менен каржыланат. Бул кампания алкагында документтерди персонификациялоо «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
Фото www