Министр Нурдан Орунтаев тиешелүү буйрукка кол койду.


Бүгүн, 26-январда, жаңы орун басарды департаменттин жамаатына курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов тааныштырды, ал Ураановго ийгиликтүү иштөө каалады.
Дастан Ураанов архитектор жана шаар куруу боюнча билимге ээ, архитектура тармагында 2015-жылдан бери иштейт. Ал буга чейин ошол эле департаментте №8 өндүрүш бөлүмүнүн начальниги кызматын аркалаган.
Бул кызматты мурда Данияр Бапышов ээлеген, ал азыр департаменттин директору.