ТикТоктун блокировкасын кайра карап чыгуу сунушун Культура министрлиги берди
Жакында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясынын жыйынында министрдин орун басары Марат Тагаев өлкөдө TikTok'ту блокировкага алуу чечимин кайра карап чыгуу зарылдыгын көтөрдү. Анын айтымында, Кыргызстанда маалымат чөйрөсүн мониторингдөө жана изилдөө борбору жабылган, учурда социалдык тармактар жана маалымат платформалары менен системалуу иш алып баруучу структура жок.