Даффинин айтымында, Кыргызстандык айдоочу катышкан кырсыктан улам, АКШнын Автомобиль ташууларын коопсуздук башкармалыгы (FMCSA) бир нече чараларды кабыл алды:
- айдоочу иштеген AJ Partners компаниясынын иши токтотулду;
- анын менен байланышкан Tutash Express жана Sam Express ташуучуларынын иши токтотулду;
- айдоочуга коммерциялык айдоочу укуктарын (CDL) берген Aydana авто мектебинин сертификаты жокко чыгарылды.
Шон Даффи текшерүүлөр улантылып жатканын жана федералдык органдар мыйзам бузууларга тиешеси бар бардык адамдарды жоопкерчиликке тартууну көздөп жатканын белгиледи.
Маалыматтар боюнча, Tutash Express жана Sam Express Inc компаниялары Кыргызстан жарандары тарабынан башкарылат.
Учурда федералдык тергөөчүлөр кыргызстандыктар менен байланышкан башка жүк ташуучу компанияларды да текшерип жатышат.
Эскерте кетсек, 3-февралда Индианада Кыргызстан жараны Бекжан Бейшекеев кармалган, ал төрт адамдын өлүмүнө алып келген бул жол кырсыгына тиешеси бар деп шектелүүдө. Полициянын маалыматына караганда, ал башкарган жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагышкан.