Таласта Суусамыр–Талас–Тараз автожолундагы курулуш иштерине байланыштуу жол коопсуздугун талкуулашты
Талас облусунда 22-январда жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу маселелерине арналган жумушчу жыйын өттү. Иш-чарага Кыргызстандын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Байжигитов, Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын орун басары, милициянын полковниги Асрол Тантиев, ошондой эле Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн орун басары, милициянын подполковниги Эдил