Таласта Суусамыр–Талас–Тараз автожолундагы курулуш иштерине байланыштуу жол коопсуздугун талкуулашты

Яна Орехова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Талас облусунда 22-январда жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу маселелерине арналган жумушчу жыйын өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Байжигитов, Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын орун басары, милициянын полковниги Асрол Тантиев, ошондой эле Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн орун басары, милициянын подполковниги Эдил Осмонбеков катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кытай компаниясы тарабынан Суусамыр–Талас–Тараз автожолунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу жол коопсуздугу маселелери талкууланды. Бул участокто жол кырсыктарын алдын алуу чараларына, убактылуу жол белгилерин орнотууга жана айдоочулар үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кытай компаниясы көтөргөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүү үчүн комплекстүү иш-чараларды өткөрүү боюнча бир нече тапшырмалар берилди.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: