
Эксперттер жылуулук жана адамдын иш-аракеттеринин суу ресурстарына жана таттуу суу фаунасына терс таасир этерин эскертүүдө.
Москва мамлекеттик университетинин адистерин да камтыган эл аралык илимпоздордун тобу жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында глобалдык жылуулук дарыянын агымын өзгөртүп, бул Ортолук Азияда, Жер Ортолук деңизинде жана Түштүк Америкадагы тропикалык аймактарда кургакчылыктын көбөйүшүнө алып келерин аныктады.
Илимпоздордун маалыматына ылайык, температуранын ар бир градустук жогорулашы дарыялардын агымын болжол менен 3% га көбөйтөт. Бирок, бул көбөйүү кээ бир аймактардагы суу ресурстарынын жетишсиздигинен куткарбайт.
МГУнун өкүлдөрү, алардын божомолдоруна ылайык, келечектеги климаттык өзгөрүүлөр шартында таттуу суу балыктарынын 36% жакын түрлөрү өзүнүн ареалынын жарымына чейин жоготушу мүмкүн экенин белгилешти.
Климаттык факторлордон тышкары, адамдын иш-аракеттери Ортолук Азияда, Индияда жана Аравия жарым аралында кургакчылык маселесин да курчутушу мүмкүн.
Сүрөт www