Ал бул кызматта Тимур Шабданбековду алмаштырды.
Намазов 1971-жылдын 3-апрелинде Душанбеде төрөлгөн.

Билими:
- 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун "призывга чейин жана дене тарбия даярдыгы" адистиги боюнча аяктаган.
- 2003-жылы РФ ФСБ Академиясынан "коопсуздук органдарынын оперативдик иши" адистиги боюнча диплом алган.
- 2013-жылы Кыргыз улуттук университетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган.
- Намазовдун карьерасы 1991-жылы башталган.
- 2021-жылдын сентябрь айынан тартып Кыргыз Республикасындагы бажы органдарында кызмат өтөгөн.
- Ар кандай кызматтарды ээлеп, "Оперативдик", Түштүк-батыш жана Түндүк-чыгыш бажыларында орун басар жана башчы болуп иштеген.
- Контрабандага каршы күрөшүү боюнча Башкы башкарууну жетектеген.
- 2025-жылдын 12-мартынан тартып Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткарган.