Отчетко ылайык, Кыргыз Республикасында 68 музей иштейт, анда 1 291 адам эмгектенет. Отчеттук мезгил ичинде 354 экспонат калыбына келтирилген, 2 200 бирдик кошулган, ал эми 25 200 объект санариптештирүү процессинен өткөн.
Музейлерди 1,2 миллион адамдан ашык киши зыярат кылды.
Бул жылы мамлекеттик менчикке бир нече жеке объекттер өткөрүлдү, анын ичинде:
- Бишкекте жайгашкан Алыкула Осмоновдун үй-музеи;
- Ысык-Көл облусундагы Жусуп Абдрахмановдун музейи;
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон комплекси;
- Нарын облусундагы Аскар Салымбековдун сүрөт галереясы.
Мындан тышкары, үч музейдин базасында кол өнөрчүлүк борборлору түзүлүп, туристтер үчүн өз алдынча зыярат кылуу жана үйрөнүү үчүн төрт маданий-маалымат борбору ачылды.