
КР ТИМинин сүрөтү. Алыкула Осмоновдун ырлар жыйнагынын таныштырылышы Будапештте
Бул адабий долбоор Венгриядагы Кыргызстандын Элчилигинин колдоосу менен венгер түркологу Шомфаи Кара Давид тарабынан ишке ашырылды. Негизги максат кыргыз классикалык поэзиясын жайылтуу жана эки өлкө ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө болду.
Жыйнак Осмоновдун философиялык ой жүгүртүүлөрүнүн тереңдигин, гуманисттик баалуулуктарын жана кыргыз элдин колоритин баса белгилеген эң мыкты чыгармаларын камтыйт.
Долбоордун негизги демөөрчүсү юрист жана меценат Ф. Папчак болуп, ал профессионалдуу которууну камсыз кылууда жана жогорку адабий жана басмаканалык стандарттарга ылайык сапаттуу басылманы даярдоодо маанилүү роль ойноду.