
Унааларды каттоо боюнча өзгөрүүлөр
Бул жылдын 1-апрелинен баштап, Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо борбору унааларды каттоо функцияларын аткарбайт. Бардык операциялар "Тундук" мобилдик колдонмосу аркылуу гана жүргүзүлөт, деп билдирди президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Ош шаарындагы "Унаа" өкүлчүлүгүндө болуп, ал тактады: "Эми транспорт каражаттарынын ээлери мамлекеттик номерлерди жана техникалык паспортторду алуу үчүн гана кайрылышат, аларды бирдиктүү терезеден алууга болот".
сүрөт www