Жыйында аскердик бөлүктөрдүн жана чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Женишбек Асылбек жана күч структураларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.





Каралган темалардын арасында Кыргызстан менен Тажикстан арасындагы мамлекеттик чек аранын инженердик жабдуулары, контрабандага каршы күрөшүү чаралары, ошондой эле дүйнөдөгү учурдагы саясий кырдаалдар болду.
Жыйындын жыйынтыгында чек араны физикалык жана инженердик коргоону күчөтүү, алдын алуу чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ар кандай бөлүмдөр арасында оперативдик маалымат алмашууну жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар берилди.