
Сумка окуу жайдан уурдалган
Бишкекте укук коргоо органдары ири уурдоого шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу маалыматты Первомай районунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.
2025-жылдын 30-декабрында милицияга жаш аял кайрылып, ошол эле күнү Ч.Айтматов проспектиндеги университеттин окуу аудиториясынан анын сумкасы уурдалганын айтты. Сумканын ичинде 300 миң сом, 2 миң доллар жана iPhone 15 болгон.
Бул окуянын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1993-жылы туулган У.Э. аттуу шектүү кармалды. Ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Сүрөт www