
Маалыматтарга ылайык, окуя 2025-жылдын 30-декабрында болгон. Саат 13:45те, А.А. деген баш тамгалар менен белгилүү шаар тургуну укук коргоо органдарына кайрылган. Ал белгисиз эркек адам Чингиз Айтматов проспекти боюнча жайгашкан аудиторияга кирип, анын сумкасын уурдап кеткенин билдирген.
Сумкада 300 миң сом, 2 миң доллар жана iPhone 15 болгон. Уурулук кылгандан кийин шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурулук» боюнча кылмыш иши козголду.
УВДнын сүрөтү
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция 32 жаштагы У.Э. аттуу эркек кишини аныктап, кармады. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилген жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына 96-беренеге ылайык жайгаштырылды.
Учурда анын башка ушундай кылмыштарга катышы текшерилүүдө. Тергөө уланууда.