1999-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, күчүндө болгон жер мыйзамдарын бузуп, бул жер тилкесин "А." аттуу эт-сүт багытындагы фермердик чарбага өткөрүү боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алышкан. Бул буйрукка ылайык, жерге менчик укугун тастыктаган акт берилген.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын фото.
Прокураторанын аракеттеринин натыйжасында мыйзам бузуу фактылары жоюлду жана базар баасы 17 миллион 831 миң 942 сомду түзгөн жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке өткөрүлдү, деп маалымдалууда.