
Шектүүлөрдү жана уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн милиция кармоодо
13-февралдан 25-февралга чейин Кыргызстанда «Бандит» аттуу операция өтүп жатат, бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
Бул акция профилактикалык жана оперативдүү-издөө иш-чараларын камтыйт, максаты уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу, ошондой эле укук коргоо органдарынан жашынып жүргөн адамдарды кармоо.
Рейддин алкагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу жана муздак куралды, ок-дарыларды, жардыруучу заттарды жана наркотиктерди аныктоо жана алып коюу иштери да жүргүзүлүүдө.
Сүрөт www