Маалыматка караганда, А. М. кызы Э. А. тууралуу инцидент боюнча арыз менен кайрылган, ал 2019-жылы төрөлгөн. Энесинин айтымында, 2025-жылдын 24-декабрында кыз разминка учурунда оор жаракат алган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "Саламаттыкка оор зыян келтирүү" боюнча кылмыш иши козголду.
Текшерүү иштеринин натыйжасында машыктыруучунун жеке башы аныкталды, А. Н. 2002-жылы төрөлгөн. Ал кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген, андан кийин Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.