
Жигит алган жаракаттарынан улам эсине келбей, каза болду
Кара-Балтада трагедиялык окуя болду: жүк поезди жаш жигитти уруп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 23-февралда саат 14:54тө Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жаш жигиттин поездге кабылганы тууралуу сигнал келип түшкөн. Алган жаракаттарынан улам ал кома абалында ооруканага жеткирилди. Докторлор анын баш мээси жана кеудөсүнүн жаракаттарын аныкташты. Тилекке каршы, жабырлануучу эсине келбей, каза болуп калды.
Төмөндөгү видеону көрүңүз:
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келишти. Белгилүү болгондой, Бишкек–Луговое маршруту боюнча жүргөн №3718 жүк поезди 2009-жылы төрөлгөн жергиликтүү тургун С.Р.ны уруп кеткен.
Учурда тергөө иштери улантылууда, зарыл экспертизалар дайындалды.
Сүрөт www