
Шаар тургунунун байкоосунун аркасында шектүү кармалды
Кыргызстандын борборунда «закладчикти» кармоо боюнча окуя болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгы маалымдады.
Коопсуздук кызматкерлеринин маалыматына ылайык, 2-февралда турак жай массивинин тургуну 102 кызматына телефон чалып, анын ою боюнча «закладкада» жашырылган шектүү буюмдар, наркотиктер болушу мүмкүн экенин айтты.
Окуя болгон жерге Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынан тергөө-оперативдик топ жөнөтүлдү. Текшерүү учурунда үйдүн дарбазасынын жанынан чындап эле закладка табылды, ошондой эле шаар тургуну «закладчиктин» аракеттерин тарткан видео берди.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда милиция кызматкерлери А.Б. аттуу 19 жаштагы жигитти кармашты. Анын телефонунда наркотиктердин сакталган жерлеринин координаттарын жөнөтүп турган Азамат аттуу адам менен Telegram аркылуу сүйлөшүүлөр табылды.
Шектүү психотроптук заттарды бир айдан бери таратып келгенин мойнуна алды. Ал закладкалар жасалган жерлерди көрсөттү, натыйжада 40тан ашык пакет табылды.
Экспертиза табылган психотроптук заттын жалпы саны болжол менен 120 грамм экенин тастыктады.
Кармалган адам убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды, тергөө уланууда.
Сүрөт www