
Шектүүлөр кармалып, изоляцияга коюлду.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы тарабынан берилген маалыматка ылайык, 20-февралда Свердлов районунун Ички иштер бөлүмүнө 1955-жылы туулган Л.К. аттуу аял кайрылган.
Ал белгисиз адамдардын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) кызматкерлеринин образына кирип, анын 12 миллион сомдук акчасын алдап алганын айтып берген.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында үч шектүү аныкталып, кармалды: Т.К., 2007-жылы туулган, А.М., 2006-жылы туулган, жана А.К., 2003-жылы туулган.
Учурда кармалгандар Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында жатат.