Чүй облусунун Аламудун райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Таш-Добон айылдык аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер участогу 2006-жылы зарыл болгон процедураларды сактабастан жеке адамдарга сатылганы аныкталды.

Мамлекетке кайтарылган жер участогу. Генпрокуратуранын маалымат кызматынын сүрөтү.
"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча прокурордук жооп берүү актсы түзүлүп, 9 миллиард 161 миллион 526 миң 400 сомдук 10,72 га жер участогу мамлекеттин бюджетине кайтарылды", - деп айтылат расмий билдирүүдө.