
Базар-Коргон районунун прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, айыл чарба максатында пайдаланылган жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгенин аныктады. Бул маалымат Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тарабынан жарыяланды.
Текшерүүнүн натыйжасында 2006-жылы 1 Мая айыл өкмөтүндөгү 9,2 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчиктен мыйзам бузуу менен чыгарылганы белгилүү болду.
Прокурорлордун аракеттеринин натыйжасында, базар баасы 7 млн 763 миң сомду түзгөн бул жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылды.