Бишкекте унаа уурдоого шектүү кармалды

Наталья Маркова Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте унаа уурдоого шектелген адам кармалды, деп билдиришти Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынан.

Зардап чегүүчүдөн алынган маалыматка ылайык, 9-мартта Элебесов көчөсүндө белгисиз адамдар кара түстөгү «Мерседес Бенц» унаасын мыйзамсыз ээлеп алып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Окуянын натыйжасында Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автомототранспорт каражатын уурдоо») боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам 1991-жылы туулган Б.Р. аттуу жаш жигит болуп чыкты. Ал Бишкек Шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: