Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кылмышкерлер күрөң түстөгү капчыкты уурдап, анын ичинде MBank банк картасы жана ID-паспорт болгон, ошондой эле Redmi 14 Pro маркасындагы мобилдик телефонунун экранына зыян келтиришкен.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси "Тонолуу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн бири.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери эки шектүүнү аныктап, кармашкан: 2004-жылы туулган К. Э. жана 1990-жылы туулган А. У. Алардын бири Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды, тергөө уланууда.