
Милиция бул жайларда курагы жетпегендер порнография көрүп, көзөмөлсүз жүргөндүгү тууралуу маалымат алды.
Бишкекте "Антикино" форматынын жайларына көзөмөл күчөтүлдү, деп билдиришти ГУВДнын өкүлдөрү.
Коомдук коопсуздук кызматкерлеринин маалыматына ылайык, бул жерлерде курагы жетпегендердин жалгыз калып, порнографиялык материалдарды көрүшү катталууда. Ошондуктан, 20-21-мартта ГУВДнын УУР кызматкерлери бир нече объектилерди текшеришти.
Рейддин натыйжасында администраторлорго жана бул жайлардын ээлерине карата протоколдор түзүлдү.
сүрөт www