
Текшерүү учурунда Asia Consult Visa компаниясы визалык жардам көрсөтүү маскасынын алдында жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруп, зарыл уруксатсыз иш алып баргандыгы аныкталды.

Текшерүүдөн кийин жарандарды жумушка орноштуруу боюнча «мыйзамсыз ишмердик» беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү.
Бул компаниянын аракеттеринин курмандыгы болгон адамдарга Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылуу сунушталат.