
Чжан Цинин үйүн текшерүү учурунда 13,5 тонна алтын жана 23 тонна акча табылган, бул 286 миллиард юанга барабар.
Тергөө маалыматтарына ылайык, бул миллиарддаган долларлык активдер контракттар жана жер сатуу боюнча пара алуу аркылуу алынган. Тергөө 2019-жылы башталып, чечим чыгарууга чейин бир нече жылга созулган.
Мындан тышкары, Кытайда мурда инвестициялык компания China Huarong International Holdingsтын мурдагы башкы директору Бай Тяньхуэй 156 миллион долларга жакын пара алуу боюнча тергелип, өлүм жазасына кесилген. Февралда сот анын арызын четке каккан жана чыгарылган өкүмдү бекиткен.