
Сокулук районунун прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз жер тилкелерин бөлүп берүү учурларын аныктады.
Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, 2021-жылы Манас айыл өкмөтүндөгү "Семетей" турак жай массивинде жайгашкан 0,90 гектар аянттагы жер тилкеси жеке менчикке берилген. Бул жер тилкеси, калктуу конуштардын категориясына кирген, учурдагы мыйзамдарды бузуу менен жарандарга берилген.
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, жалпы баасы 45 миллион 832 миң 283 сомду түзгөн бул жер тилкелери мамлекеттик менчикке кайтарылды.