
26-февралга карата Кытай юанинин расмий курсу жаңы тарыхый максимумду белгиледи. Ошол эле учурда орус рубли 2026-жылдын башынан бери рекорддорун жаңыртып, бекем көтөрүлүүдө. Евро бир аз күчтөнсө, казак тенгеси төмөндөдү. АКШ долларынын курсу туруктуу бойдон калууда. Бул маалыматтарды Кыргызстан Республикасынын Улуттук банкы жана алмашуу пункттары сунуштады.
АКШ долларынын курсу:
- Улуттук банктан расмий курс: 87,45 сом (өзгөрүүсүз).
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 87,38 сом, сатуу — 87,8 сом.
Евронун курсу:
- Улуттук банктан расмий курс: 103,0992 сом (0,05 пайызга жогорулады).
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 102,75 сом, сатуу — 103,72 сом.
Орус рублинин курсу:
- Улуттук банктан расмий курс: 1,1438 сом (0,58 пайызга жогорулады). Бул 2026-жылдын башынан бери рублдин сомго карата эң жогорку баасы.
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 1,124 сом, сатуу — 1,154 сом.
Казак тенгесинин курсу:
- Улуттук банктан расмий курс: 0,1749 сом (0,68 пайызга төмөндөтүлдү).
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 0,1575 сом, сатуу — 0,1854 сом.
Кытай юанинин курсу:
- Улуттук банктан расмий курс: 12,7357 сом (0,21 пайызга жогорулады). Бул тарыхый максимумду экинчи ирет жаңыртуу.
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 12,4 сом, сатуу — 13 сом.
