
Региондук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 3-январында саат 19:55те эркек киши Сузак РОВДнын кезекчи бөлүмүнө өзү телефон чалып, кылмышын мойнуна алды.
Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын сүрөтү. Сузак районундагы өлтүрүү: 28 жаштагы аялды күйөөсү бычактап өлтүргөн
Тергөө учурунда трагедиядан бир күн мурун шектүү Россиядан кайтып келгендиги аныкталды. Үй-бүлөлүк талаш-тартыш учурунда ал аялын ашкана бычагы менен бир нече жолу көкүрөгүнө уруп, аял ошол жерде алган жаракаттарынан улам көз жумду.
Бул окуя "Өлтүрүү" беренеси боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Окуя болгон жерден ашкана бычагы алынган, ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
4-январда Сузак районундагы сот шектүүнү камакка алууга чечим чыгарды, тергөө иштери уланууда.