
Анын досу ооруканага жаткырылды
Мальтада трагедиялык окуя болуп, 48 жаштагы Кыргызстандык аял Святой Георгий булуңунда каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз билдирүүдө.
Маалыматтарга караганда, окуя эки аялдын сууда сүзүү учурунда болгон. Жол өтүүчүлөр аларга жардам берип, суудан чыгарышкан.
Окуя болгон жерге медиктер жана жарандык коргоо кызматкерлеринин өкүлдөрү келишти. Аялдар медициналык мекемеге жеткирилди, бирок алардын бири, тилекке каршы, каза болду. Экинчи аял, 23 жашта, учурда туруктуу абалда.
Учурда полиция бул окуяны иликтеп жатат.
Сүрөт www