2023-жылдын башынан бери Нарын облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖККБ) 28 333 жол эрежелерин бузуу учурларын каттаган.
Бул бузулуулар натыйжасында мамлекеттик бюджетке 29 миллион 833 миң 641 сом айыппул түрүндө түшкөн.
ЖККБнын маалыматы боюнча, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында төмөнкү мыйзам бузуу учурлары аныкталган:
- 801 айдоочу спирттик ичимдик ичип алып унаа айдагандыгы үчүн токтотулган;
- 6 940 айдоочу ылдамдыкты ашырып кеткен;
- 1 820 адам зарыл документтерсиз унаа башкарган;
- 8 172 айдоочу жол белгилеринин талаптарын сактаган эмес;
- 689 айдоочу каршы багытка чыккан;
- 106 учур мыйзамсыз терезе тонировкасы менен байланышкан;
- 51 автохулигандык учур катталган.