
Генералдык прокуратуранын маалымат кызматы берген маалыматка ылайык, тергөө учурунда 2007-2008-жылдары Улахол, Ак-Терек, Мамбетов жана мурдагы Тон (азыркы Кун-Чыгыш) айыл өкмөтү тарабынан жалпы аянты 196,83 гектар болгон жер участокторун мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүү фактылары аныкталды.






Бул жерлер мыйзамдуу негиздерсиз мамлекеттик фонддон чыгарылып, көп жылдар бою жеке менчик катары пайдаланылып келген. Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн натыйжасында, баасы 112 миллион сомду түзгөн участоктор мамлекеттик менчикке кайтарылды.
Прокуратура мыйзамсыз жер операцияларын аныктоо жана токтотуу боюнча иштерди уланта турганын баса белгилейт.