Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, кармалган адамдардын аракеттери мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирип, сот системасынын репутациясын бузуп, соттун жамаатында моралдык-психологиялык жагымсыз климатты түзгөн.






Жыйналган далилдерге ылайык, Ош жана Ош облусунун ГУ ГКНБнын тергөө башкармалыгы "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө натыйжасында, канцеляриянын начальниги жана сот аппаратынын бир нече жооптуу кызматкерлери кармалып, учурда убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.